Жаңылыктар
Үңкүр-Тоодогу телемунараны көчүрүү тууралуу маалыматты өкмөт четке какты
Саясат
Үңкүр-Тоодогу телемунараны көчүрүү тууралуу маалыматты өкмөт четке какты

Үңкүр-Тоодогу телемунараны көчүрүү тууралуу маалыматты өкмөт четке какты. Болгону бул  тоодо жайгашкан 224 "Кербен" радиорелейлүү системасы менен байланыша турган жаңы станцияны куруу пландалып жатат. Бул тууралуу  өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйынында билдирди.

Эске салсак, 23-мартта бир катар маалымат каражаттарында  "2015-жылдын ноябрь айында эле Үңкүр-Тоодогу  телемунара Өзбекстандын аймагында турганы үчүн көчүрүлүшү керек деген токтом чыккан" деген маалыматтар тарап кеткен. Бирок өкмөт бул маалыматты четке кагып, бир метр жер дагы эч кимге берберин  билдирүүдө. Бул станция Жалал-Абад областынын Чаткал, Ала-бука, Аксы райондорундагы маалыматты коопсуздукту күчөтүш үчүн курулмакчы.

Курбанбай Искандаров, азыр иштеп жаткан РРС-24 "Кербен" станциясы башка жакка жылдырылбарын ачыктады. Муну менен катар ал маалымат жыйынында  Союз маалында кыргыз мамлекетинин аймагына Өзбекстан тарабынан курулган объектилер Кыргызстандын карамагына алынарын кошумчалады.  Бул боюнча атайын келишимдер бар.

 Курбанбай Искандаров,  мындан ары Орто-Токой суу сактагычынан суу Өзбекстанга келишим боюнча гана берилерин дагы кошумчалады.