15-майда Кара-Буура районунун Бейшеке айылындагы мектепте райондогу окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу айыл башчысы Бакыт Умаров билдирди.
Анын айтымында, 9 мектептин окуучулары катышкан мелдеш Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулду.
Мелдешке жалпы балдар жана кыздардан куралган 18 команда катышып, жеңүүчү командаларга сыйлыктар тапшырылды.
Балдар арасындагы жыйынтык:
- 1-орун — Молдо Асан айылынын окуучулары;
- 2-орун — Бакайыр айылынын окуучулары;
- 3-орун — Чолпонбай айылы айылынын окуучулары.
Кыздар арасында:
- 1-орун — Бакайыр айылы;
- 2-орун — Чолпонбай айылынын окуучулары.