Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди
Саясат
Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Гүлнара-Клара Самат ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. 

Ал айып өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Аида Салянованын ордуна келди. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Гүлнара-Клара Саматты эл өкүлү болуп келиши менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.