Жаңылыктар
КТРКнын "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы Бишкекте башталды
УТРК жаңылыктары
КТРКнын "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы Бишкекте башталды

КТРКнын "Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашы Бишкекте башталды. Жылдан-жылга мектеп окуучуларынын эле эмес, жалпы коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кызыгуусун жаратып жаткан таймашка Кыргызстандын бардык аймактарынан өспүрүмдөр келип, ой-чабыттарын сынга коюуда. 


“Манас” эпосун өспүрүмдөр арасында кеңири жайылтууну максат кылган бул таймашка Ош шаарынын №52 “Кыргыз-Түрк достугу” атындагы мектеп- лицейинен келген Калмаматова Нурзана биринчи жолу катышып жатат. Бул үчүн ал уйкудан калып,күнү-түнү даярданганын айтат.

Ал эми“Туйгун” тобундагы Нурмамбет Талас шаарынан келген. Ал “Манас” эпосу ой жүгүртүүбүздү тереңдетип, сөз байлыгыбызды өстүрүүгө өбөлгө болууда- дейт. Улуттун рухий булагы болгон «Манас» эпосун өспүрүмдөргө жеткирүүдө мугалимдердин ролу чоң. Алардын таптоосу болбосо мындай күчтүү командалар келмек эмес.

Окуучулардын Манаска болгон кызыгуусу күчөп жаткандыгы-биздин максат-мүдөөбүздүн ишке ашканы,- дейт долбоордун уюштуруучусу. “Манас таануу” теле таймашында эң оболу эпостун варианттуулуктарынын чаташып кетишине жол бербөө менен жаш жеткинчектердин тапкычтыгына, жигердүү ой жүгүртүүсүнө жана сөз байлыгына көңүл бурулуп жатат.