Жаңылыктар
Кылым карыткан Курманжан апа
Кыргызстан жаңылыктары
Кылым карыткан Курманжан апа

Май айынын үчүнчү жекшембисинде жыл сайын энелер күнү белгиленип келет. Буга карата жер-жерлерде атайын иш-чаралар уюшулуп, эмгеги сиңген апаларга, баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылат. 


Бир кылымды карыткан Курманжан апанын урпактары 100гө чукул. 10 баланы өстүрүп чоңойткон баатыр эне 50 чакты небересин, 20 чөбөрөсүн жана кыбыраларын көрдү. Апа өмүр бою колхоздо кызматкер болгон. Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында дүкөнчү, башкарма, согуш жылдары болсо агроном болгон.


Согушка жолдошун узаткан Курманжан апа ошол кездери оорукта орок оргонун айтат. Учурда кичүү уулу Таалайбектин колунда. Кенже уулу апанын саламаттыгы жакшы, өмүр бою оорубай, ооруканага барбай, дары деле көп ичпегенин белгилейт. 

Чындыгында Курманжан апанын баскан турганы тың, эшикке өзү кирип-чыгып, алдан күчтөн тая элек. Дагы деле балдарына баш көз болуп, кеп кеңешин берип, жада калса, чала жасалган жумушту көрүп калса жактырбай, эскертүү берип калат.

Төрдүн көркү болуп отурган Курманжан апа бир кылым аралыгында канчалаган кыйынчылыкты башынан өткөрдү. Ошого карабай азыркы жыргал заманды көргөнүнө кубанып, эми балдарынын курчоосунда дагы далай жашты багындырсам деп турат.