Жаңылыктар
Президент элди чек-ара маселесинде сабырдуу болууга чакырды
Саясат
Президент элди чек-ара маселесинде сабырдуу болууга чакырды

Президент Алмазбек Атамбаев элди чек-ара маселесинде сабырдуу болууга чакырды. Ал Ташкенттин кадамын айыптап, сүйлөшүүлөр тең ата жүрөрүн белгилейт. Өлкө башчысы мындай билдирүүлөрдү жоогазын ыңкылабынын урматына курула турган гүлбактын долбоору менен таанышуу учурунда жасады.

Мамлекет башчысы коңшу өлкөнүн чек-арага байланыштуу соңку кадамын Кыргызстанды чөгөлөтүүгө жасаган аракети деп баалайт. Ташкентке, көгүлтүр от, электр жарыгына байланыштуу көз-карандылыктар жоюлуп, арга кеткенде ушундай ыкманы колдоно баштады деген пикирде. Ошондой эле оппозициянын ушундай кырдаалда кычаганын айыптады.

Өлкө башчысы Үңкүр-Тоо Өзбекстанга берилет деген маалыматты да төгүндөдү. Өкмөттүн телерадио сигналдарын таратуучу кошумча станция куруу чечими туура экенин белгилейт.

Президент коңшу өлкө менен мамиле бүгүнкүдөй нукта сакталып, чек-арага байланыштуу пикир келишпестиктер улана берсе Шанхай кызматташтык уюмунун быйыл Ташкентте өтө турган саммитине катышпастыгын да билдирди. Тышкы иштер министрлиги жөнөткөн нотага Өзбекстандан чек-арадагы аракеттер Нооруз майрамына карата коопсуздукту чараларын күчөтүү үчүн жасалды деген жооп келген.   Соңку маалыматтарга таянсак, такталбаган Чаласарт тилкесинен эки өлкөнүн аскерлери кайтып кетише элек, бирок абал туруктуу.

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио