Жаңылыктар
Араванда сел алып кеткен жерлерди калыбына келтирүү аракеттери жүргүзүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Араванда сел алып кеткен жерлерди калыбына келтирүү аракеттери жүргүзүлүүдө

Араван районунун Маданият айылында жүргөн суу ташкыны аймактагы бир орто мектепти, бала бакчаны, 26 турак жайды каптады. Таш аралаш келген сел, тургундардын үйлөрүнүн дубалын талкалап кеткен. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясы чыгымды эсептеп жатат.


Кенжеевдин үйү дал ушул селдин жолуна туш келген. Биринчи кабатына чейин көтөрүп койгон дубалды жыккан суу, үйдүн жер төлөсүн каптаган. Бул учурда өзүнүн 2, агасынын 4 баласын карап калган Миассар Кенжеевага айылдаштары жардамга келген. Азыр ал эки баласы менен кошунасынын үйүндө баш калкалоодо. 


Үй ичиндеги буюмдун баары жарактан чыккан. Үй ээси, быйыл толугу менен турак жайынын курулушун бүткөрүүнү максаттап, жаз алды менен насыя алган.

Сел тургундардын чарбагын да талкалаган. Таш, шагыл чайпап кеткен жашылча-жемиштен быйыл үмүт жок. Бир жылдык түшүмүнөн кол жууган дыйкандардын катарында Гаиповдордун үй-бүлөсү да бар. 20 сотых аянттагы пахта өсүмдүгү минтип таш астында калды.