Жаңылыктар
ЖК: Бишкек жылуулук борбору боюнча чечим кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: Бишкек жылуулук борбору боюнча чечим кабыл алынды

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоору боюнча келишимдерди даярдаган жана кабыл алган тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет. Бул багытта бүгүн кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтому президентке жөнөтүлмөй болду. Анда Башкы прокуратура, Эсептөө палатасы жана УКМК иликтөөнүн натыйжалары тууралуу 3 айдын ичинде парламентке маалымат бериши керектиги белгиленди.



Депутаттык комиссия чыгарган корутунду боюнча талкуу үчүнчү отурумда гана жыйынтыкталды. ЖЭБдеги кырсык аны жаңылоонун айланасындагы күмөндүү жагдайларды ачыкка чыгарды. Буга чейин Улуттук энергохолдингдин, “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилери баштаган бир катар кызмат адамдары камакка алынган. Жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон.

Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Жылуулук электр борборун курууда каражат максаттуу пайдаланылган эмес деген пикирди карманышууда. ЖЭБди жаңылоонун наркына байланыштуу күмөн ойлор күч алды.

Депутаттардын суроолоруна жооп берүү үчүн келген учурдагы жана мурдагы тиешелүү кызмат адамдарынын айткандарынан улам ЖЭБге жумшалган каражатка кыргыз тараптан көзөмөл жүргүзүлбөгөнүн баамдоого болот. Себеби кытайлык ишкана долбоорду жалпылап көрсөтүлгөн баа менен гана ишке ашырып, анын жүрүшүнө буюртма берген тарап катышкан эмес. Негизги суроолор дал ушундай шартта келишим түзүүнүн кесепетине байланыштуу жаралууда.