Жаңылыктар
Адам сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү аракеттери
Кыргызстан жаңылыктары
Адам сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү аракеттери

Жалал-Абад облусунда адам сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин отуруму болуп өттү. Ага улуттук коопсуздук кызматынын, облустук ички иштер башкармалыгынын, билим берүү тармагынан, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. 

Жыйында адам сатууга байланышкан кылмыштардын бетин ачууда жана анын алдын алуу үчүн алгылыктуу иш жасоо керектиги кызуу талкууга алынды. 

Бул максатта чет мамлекеттерге жумуш издеп кетип жаткан жарандарга туура маалымат жеткирүү, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү керектиги айтылды. 

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунда 2013-жылы адам сатуу боюнча бир факты каталып, укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. 

Иш-чараны БУУнун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү уюштурган.