Жаңылыктар
Борбор калаада "Музейдеги түн" акциясы өтөт
Маданият
Борбор калаада "Музейдеги түн" акциясы өтөт

Борбор калаада "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Шаар ичиндеги музей, китепкана жана театрларда боло турган көрсөтмө сабактары кечки саат 6да башталат. 

Анда ошол маданий жайдын ички табияты меймандарга кеңири тааныштырылып, түн ортосуна чейин уланат. 

Акция республикада бешинчи жолу өткөрүлүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, салттык программа жаңыланып, кызыктуу оюн-зооктор болору күтүлүүдө.