Жаңылыктар
Борбор калаанын Баялинов көчөсүндөгү мечиттен өрт чыкты
Кырсык
Борбор калаанын Баялинов көчөсүндөгү мечиттен өрт чыкты

Борбор калаанын Баялинов көчөсүндөгү мечиттен өрт чыкканын маалымат агенттиктеринин бирине окуянын күбөсү билдирген. Өрт кырсыгы 18-майга караган түнү болжол менен саат бирде болгон. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында тилсиз жоо 1300 чарчы метр аянтчадагы килемдер менен эмеректерди жалмап кеткен. Жаракат алгандар болгон жок. Өрт электр жабдууларынын техникалык эрежелеринин бузулушунан улам чыккан.