Жаңылыктар
Кыргыз улуттук академиялык драма театры 92-театралдык сезонун жабат
Маданият
Кыргыз улуттук академиялык драма театры 92-театралдык сезонун жабат

Борбор калаадагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 92-театралдык сезонун жабат. Бул тууралуу аталган театрдан маалымдашты.

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры кыргыз театрларынын сап башында турган, миңдеген “мен-мен” деген залкарлардын изи калган өнөрдүн куттуу өргөөсү. 

Театр өзүнүн 90 жылдан ашуун тарыхында дүйнөлүк классикалык чыгармалардан тартып улуттук мыкты драматургиянын үлгүлөрүн сахналаштырып келет. 

Академиялык драма театр жыл сайын театралдык сезонун салтанаттуу түрдө ачып, майрамдык маанай менен жабууну салтка айландырган. 

Быйыл, 2018-жылдагы   92-театралдык сезонун Т.Джуженоглунун "Бейтааныш" жана Индия элинин “Рамаяна” аттуу улуу эпосторунун биринин негизинде жазылган Б.Чотурованын калемине таандык, режиссер, театрдын Көркөм жетекчиси Н.Мендебаиров сахналаштырган  “Рамаяна” спектакли менен  жабат.

Т.Джудженголу “Бейтааныш”    19-20-24-25-май, 18-00

Б.Чотурова    “Рамаяна” 30-31-май,  18-00