Жаңылыктар
С. Жээнбеков өлкөнүн көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлады
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жээнбеков өлкөнүн көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлады

Май айынын үчүнчү жекшембиси 20- майга туш келген энелер күнү менен Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн республиканын көп балалуу энелерин куттуктады. Анын алкагында жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1354 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 454 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланды. 

Мамлекет башчы энелер куну менен куттуктап жатып бул кун өзгөчө экенин белгилеп, “Бул дүйнөдө Энеден өткөн Ыйык түшүнүк жок. Баланын эң жакын, касиеттүү адамы дагы бул – Эне деп белгиледи. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"