Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн каражат үчүн атайын банк эсеби ачылат
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн каражат үчүн атайын банк эсеби ачылат

Соңку айларда күч түзүмдөрү бюджеттен ири өлчөмдөгү каражатты өөнөп алуу жолдорун жана казынага түшүүчү акчаны адалдап, мамлекетке миллиондогон сом чыгым алып келген фактылардын бетин ачты. Мындан улам өлкө башчы жемкорлор кайтарган акчаны атайын эсепке которуу тапшырмасын берип, бул багытта иш ордунан жылды.

Жемкорлуктун тамырын кыркуу - мамлекет башчысы артыкчылыктуу багыттар катары караган жол. Буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешинде коррупция менен катаал күрөш жүргүзөөрүн баса белгилеген. 

16-май күнү президент тиешелүү органдарга коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн каражат үчүн атайын банк эсебин ачуу тапшырмасын берди. Учурда Улуттук банк эсеп ачуунун ченемдик-укуктук маселелеринин үстүндө иш алып барууда.

Өткөн жылы коррупциялык аракеттерден улам мамлекетке миллиондогон сом чыгым келтирилген. Алардын бир бөлүгү гана кайтарылды. Ачылып жаткан атайын эсеп өндүрүлгөн каражаттын эсебин алууга, сактоого жана андан ары ачык-айкын жумшалышын камсыздайт. Талдоочулар эсепке түшкөн акчаны жемкорлук менен күрөшүүгө колдонсо болот деген пикирде.

Азырынча эсептеги каражат кайда, эмнеге жумшалаары так аныктала элек. Ал эми жарандар карызды кутулууга, көбү социалдык муктаждыкка сарпталса деген ойдо.