Жаңылыктар
Кыргыз эл акыны А.Токомбаевдин туулган жеринде музейи ачылды
Маданият
Кыргыз эл акыны А.Токомбаевдин туулган жеринде музейи ачылды

Кыргыз Эл акыны, Социалисттик эмгектин баатыры Аалы Токомбаевдин музейи өзү туулуп, өскөн Кеминдеги Кайыңды айылында ачылды. 

Анда Аалы Токомбаевдин “Токтогул”, “Кандуу жылдар”, “Жараланган жүрөк” чыгармалары, акындын кол жазмалары, балдары сактап жүргөн сүрөттөрү коюлган.

Бүтүндөй бир тарыхты ыр саптарында калтырып кеткен Аалы Токомбаевди эл эмгегинен эскерди. Кыргыз ССРинин эл акыны, Социалисттик эмгектин баатыры, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист, академиктин элге сиңирген эмгеги эбегейсиз. Мына ушул эмгектин бир бөлүгү өзү туулуп, өскөн Кемин районунун Кайыңды айылындагы мектепте ачылган музейге коюлду.

 Аалы Токомбаев кыргыз адабиятын түптөгөндөрдүн бири. Кыргызстандын басмасынын тарыхында алгачкы болуп чыккан «Эркин-Too» гезитинин биринчи номуру 1924-жылы 7-ноябрда жарык көрүп, ага А.Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры басылган.

Аалы Токомбаевдин көпчүлүк чыгармалары орус тилинде, кээ бир басылмалары украин, казак, тажик, өзбек, литва тилдеринде жана кээ бир чыгармалары чет өлкөлөрдө жарыяланган. 2007-жылы кыргыздын мыкты кара сөз, драматургия, поэзия, публицистика жаатындагы чыгармалары үчүн Аалы Токомбаев атындагы республикалык сыйлык уюштурулган.