Жаңылыктар
"Жер тоголок" теледолбоорунун максаты
Кыргызстан жаңылыктары
"Жер тоголок" теледолбоорунун максаты

Коомдук биринчи канал аркылуу көрсөтүлүп жаткан "Жер тоголок" таанып билүү теледолбоору Кыргызстандын жаштарын тил үйрөнүп, чет өлкөлөрдө билим алышса деген максатты көздөйт. 

Өзүнө бекем ишенип келечектен көптү үмүттөндүргөн Нурсултан Кубанов Нарын жергесинде өсүп чоңойгон. Анын бала кездеги кыялдары орундалып, кийин жогорку билимди Кытай жергесинен алып келген. Көп окуп, чет мамлекеттерде болуп, тил үйрөнүп, дүйнө таанымы кеңейген соң “Жер тоголок ” таанып билүү долбоору сыяктуу көптөгөн идеяларды ишке ашырууга киришкен.

Өздөрүнүн каражаты менен даярдалган “Жер тоголок” долбоорунун алгачкы саякаты -Европанын Германия, Чехия, Филлипин өлкөлөрүнө карай багытталып, ал жактын билим берүү системасы жана Жогорку окуу жайлары туурасында кенен маалыматтарды беришкен.

Чет өлкөдөн билим алуунун мүмкүнчүлүктөрүн кенен жана кызыктуу кылып ачып бергендиги үчүн аларды жаштар күтүп көрүшөрүн айтышат.

Өзүнө ишенип, алдыга карай умтулган жаштарга багыт берген “Жер тоголок” - таанып-билүү долбоорунун кийинки чыгарылыштары учурда даярдалууда.