Жаңылыктар
Кыргызстан Газадагы абалга терең тынчсызданууну билдирет
Саясат
Кыргызстан Газадагы абалга терең тынчсызданууну билдирет

Кыргызстан Газа секторундагы абалдын кескин курчушуна байланыштуу терең тынчсыздануу билдирет. Муну Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Стамбул шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитинде айтты. 

Кыргызстандын премьер-министри "Жолугушуубуз баардык эл аралык жамаат, анын ичинде мусулман дүйнөсү үчүн жөнөкөй эмес мезгилде өтүп жатат. Ушул шарттарда уюмдун саммитинин шашылыш жыйынын өткөрүү логикалуу жана өз учурунда болуп жатат", - деди. 

Ал ошондой эле, "Газа секторундагы абал боюнча катыштыгы бар бардык тараптарды жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн адам курмандыктарын болтурбоо максатында өтө сабырдуу болууга чакырабыз", -деди. 

Өкмөт башчы 2018-жылдын 14-майындагы кагылышуулардын натыйжасында болгон көп сандаган курмандыктарга байланыштуу Палестина элине көңүл айтты. Премьер-министр палестина-израиль жаңжалы эл аралык мыйзамдардын чегинде чечилээрине ишеним артаарын билдирди.