Жаңылыктар
Ажылыкка бара тургандарды эмдөө орозодон кийин өткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылыкка бара тургандарды эмдөө орозодон кийин өткөрүлөт

Ажылыкка барчуларды эмдөөдөн өткөрүү өнөктүгү орозодон кийин өткөрүлөт. Тагыраак айтканда, 18инен 29-июнга чейин эмдөө иштери өтөрүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Ажылыкка баруучуларды эмдөө иштери аймактардагы жана шаарлардагы медициналык жайларда өткөрүлөт. Ошол эле учурда дарыгерлер зыяратчыларды медициналык кароодон дагы өткөрөт. 

Ажыга баруучуларга сасык тумоого жана менингит оорусуна каршы дары сайылат. Бул Сауд Аравиянын талабы. 

Ал эми зыяратчыларды коштоп 16 дарыгер бармай болду. Алар эпидемиолог, терапевт, эндокринолог, акушер-гинеколог жана хирург. Сауд Аравияга баруучулар сынактын негизинде тандалды.