Жаңылыктар
Баткен облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
Өзгөчө кырдаал
Баткен облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Баткен облусунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, 18-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы айылда жана Кадамжай районунун Ак-Турпак, Кызыл-Коргон айылдарында сел жүргөн.

Анын кесепетинен Төрт-Гүл айыл аймагындагы элдин негизги киреше булагы болгон 15 гектар күрүч талаасын суу каптап кеткен. 

30дай короо кум-шагылга толуп калган. 1 электр мамычасы жарактан чыгып, 15 үй-бүлө жарыксыз калган. 200, 300 метр ички чарбалык жол шагылга толгон. 

Учурда сел жүргөн айылдарда 20 техника иштеп, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Зыяндын эсеби такталууда.