Жаңылыктар
«Алай» менен «Алганын» беттеши мушташ менен аяктады
Спорт
«Алай» менен «Алганын» беттеши мушташ менен аяктады

Кант шаарындагы футбол талаада «Алай» (Ош) менен «Алга» (Бишкек) командаларынын беттеши мушташ менен аяктады.

Алгач бир нече адамдын ортосунда пикир келишпестик жаралып, андан соң аларга трибунадан түшүп барган күйөрмандар да кошулган. Ошондой эле эки тараптын пикир келишпестиги кийим алмаштыруучу жайда да жаралган. Ал эми оюнда кетирген катасы үчүн «Алай» клубунун чабуулчусу оюндан чыгарылды.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турганы менен жаңжал учурунда алардын саны аз экени байкалып турду, дешет күбөлөр.

Ал эми экинчи күбөнүн айтымында, оюн талаасындагы урушка көпчүлүк катышкан жок. Алиа Силла оюн учурунда эки сары карта алып, оюн талаасынан чыгарылган. Андан кийин ал кийим алмаштыруучу жайга барып, анын жанына барган белгисиз эркек киши экөөнүн ортосунда конфликт жаралган. Андан кийин алардын жанына оюнчулар менен күйөрмандар барышты.