Жаңылыктар
Кубанычбек Кулматовго "Коррупция" беренесине ылайык кылмыш иши козголду
Коррупция
Кубанычбек Кулматовго "Коррупция" беренесине ылайык кылмыш иши козголду

Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренесине ылайык, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен ырасташты.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде TBEA компаниясы тарабынан мектеп курулушу үчүн берген 2 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталууда. 

Ошондой эле, Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 миллион АКШ долларын которгонго жетишкен. 

Ошондой эле, Калыс Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом бөлүнгөн. Иликтөө иштери уланууда.