Жаңылыктар
Асылбек Аманкул уулу Казакстанда өткөн эл аралык турнирде коло тагынды
Спорт
Асылбек Аманкул уулу Казакстанда өткөн эл аралык турнирде коло тагынды

Караколдук мушкер Казакстанда өткөн эл аралык турнирде коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Каракол шаарынын «Алга» спорттук комплексинен билдиришти.

Маалым болгондой, спорт чеберинин талапкери Асылбек Аманкул уулу Казакстандын Алмата шаарында 10-майда Сагадат Нурмагамбетовдун байгеси үчүн болгон эл аралык мелдеште казакстандык жана өзбекстандык атаандаштарын жеңип, 3-орунду багындырган. 

Асылбек чемпионатта калыстар тобу жана уюштуруучулар тарабынан жеңишке жетүүгө болгон эрки үчүн сыйлыгын алды. Асылбек Аманкул уулу бокс боюнча Кыргызстандын спорт чебери Тилекмат Энкеевдин тарбиялануучусу.