Жаңылыктар
Табылганы изилдөө иштери башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Табылганы изилдөө иштери башталат

Ак-Суудан табылган мамонттун сөөгүн изилдөө үчүн чет жактан адистерди чакыруунун кажети жок, ага кыргыз окумуштууларынын күчү жетет. Бул тууралуу бүгүнкү өткөн маалымат жыйында палеонтолог Айзек Бакиров билдирди. 

Кыргызстандын окумуштуулары мамонттун азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгышкан. Ал Бишкектеги Биология институтуна алып келинди. Эми изилдөө иштери башталат. 

Эскерте кетсек, 10-мартта Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын калдыгын тапкан.