Жаңылыктар
Айдаркен сымап комбинаты сурьма менен сымапты өндүрө баштады
Экономика
Айдаркен сымап комбинаты сурьма менен сымапты өндүрө баштады

Учурда даяр болгон продукцияга Улуу Британиядан, Судан жана Россия өлкөлөрүнөн суроо талаптар түшүп жатат. 10 жылдап иштебей турган комбинат элди жумуш орундары менен камсыз кылып, эми өндүрүшү менен өлкөгө да салымын кошо баштайт. Комбинаттан бул жылга 140 млн сомдук, кийинки жылга 300 млн сомдук продукцияны өндүрүү мерчемделип жатат.

2009-жылы комбинаттын шахтасын суу каптап, кен казуу жумуштары токтогон болчу. Андан кийин 2017-жылы Ата Мекендик Север Сталь компаниясы шахтаны суу каптап калуу коркунучуна карабай, комбинатка инвестор болуп келип, тазалоо иштерин жүргүзүп кайрадан ишке киргизди.

Ошол эле учурда мурда изилденип аныкталган дагы бир руда бөлүгүнө жол ачылат. Бирок, ал бөлүккө баруучу жолду суу каптап калгандыктан, алгач сууну сордуруу иштери жүрүшү керек экен. Бир ай аралыгында бул бөлүгү да ишке кирсе мындан да суткасына 50 тоннадан рудалар казыла баштайт.

Шахтадан учурда суткасына 100 тонналаган рудалар казылып алынып жатат. Алынган рудалар аны кайра иштеп чыгуучу фабрикага жеткирилип, концентрацияланууда. Учурда мындан сурьма, сымап, жана флюорит кайрадан иштелип чыгарылат.

Фабрика 1967-жылы курулуп, иштей баштаган. Бирок, 2008-жылы чатырларынан суу агып, техникалары иштебей калгандыктан жумуш такыр токтоп калган. 10 жылдап иштебей турган фабрика да Ата Мекендик инвестор тарабынан капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, өз ишин баштады жана 30 кишини жумуш менен камыз кылды.

Фабрикадан концентрацияланган химиялык заттар, заводко барып төгүлүп, ал жерден сымап менен сурьма өзүнчө бөлүнүп алынат. Учурда бул заводдо сымаптан бир тонна ал эми сурьмадан 5 тонна продукция даяр. Комбинаттын тарыхында биринчи жолу даярдалган сурьма азырынча сатыкка чыга элек. Учурда даяр болгон өндүрүштөргө Улуу Британия, Россия жана Судандан суроо талаптар түшүп жатат.