Жаңылыктар
Бишкекте ысык суу жылдагыдай эле бир айга токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ысык суу жылдагыдай эле бир айга токтотулду

Бул аралыкта шаарды ысык суу менен камсыздаган “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы менен Бишкек жылуулук борбору суу түтүктөрдү, жылытуучу от казандарды оңдоп чыгышат. Аптанын алгачкы күнү Бишкек шаарында ысык суунун токтошу менен башталды. Мындай оңдоп-түзөө иштери жылда кайталанчу көрүнүш, ысык суунун өчүрүлүшү кышка сапаттуу даярдануу үчүн түтүктөргө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү менен байланыштуу. 

Ал эми өткөн кышты чуулгандуу окуя менен узаткан Бишкек жылуулук борбору дагы күз-кыш мезгилинин камын көрүүдө. Оңдоп-түзөө иштери 22-февралда башталып, азыр 5 от казан оңдоого киргизилген. Кыштын чилдесинде жаңы блокко суу жетпей, Жылуулук электр борборунун иши үзгүлтүккө учурап, Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз калган. 

Андагы чуунун изи алигиче сууй элек. ТЕЦтин директору болсо жаралган мүчүлүштүктөр жөнгө салынды, быйылкы кышта терс көрүнүш кайталанбайт деп ишендирүүдө. Бишкек жылуулук борбору октябрь айынын башына чейин кышка толук даяр болушу керек. Камылган канчалык деңгээлде жүргөнү комиссия жана тиешелүү тармактын адистеринин элегинен өтүп анан тыянак чыгат.