Жаңылыктар
Кызыл-Кыя шаарында нөшөрлүү жаамгырдан улам сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Кызыл-Кыя шаарында нөшөрлүү жаамгырдан улам сел жүрдү

21-майдан 22-майга караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү. Натыйжада шаардын “Чыгыш-2” кичи районунда жайгашкан бир турак жайдын ичине, төрт үйдүн короосуна жана Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу эки үйдүн жер төлөсүнө, “Достук” көчөсүндөгү эки турак жайдын короосуна суу кирген. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, куткаруучулар тартылып, суу каптаган жерлерди тазалашкан. Кечээ кечинде Лейлек районунда да сел жүрүп, бир нече турак жайды жана ички чарбалык унаа жолун суу каптаган. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жана селдин кесепетин жоюу жумуштары жүргүзүлөт.