Жаңылыктар
Украина КМШ мүчө өлкөлөрдүн курамынан чыкканы турат
Дүйнө
Украина КМШ мүчө өлкөлөрдүн курамынан чыкканы турат

Украина Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн  курамынан чыгышы мүмкүн. Украина президенти Петр Порошенко Киевдин улуттун кызыкчылыгына төп келбеген уюмдан чыга турганы тыкыр каралып жатканын  өзүнүн твиттердеги баракчасына жазган. Анда, Украинанын келечеги Европа менен. КМШга мүчөлүк өткөн мезгил, украиндердин ал жакта кыла турган жумушу деле калган жоктугу айтылат.  

Өлкө башчы улуту боюнча украиндер европалыктар деп, эл өзүнүн цивилдүү жолун тангандыгын  жана алар сөзсүз түрдө чоң үй бүлөгө кошуларынан ишеним арткан. Ал буга кошумча 70 пайыз украиндер Европа  биримдигинин интергациясын колдогондугун   билдирген. 

19-майда КМШнын аткаруу комитетинин  басма сөз катчысы Владимир Никаноров азырынча Киевден бул боюнча расмий билдирүү келбегендигин кабарлап, аткаруу комитетинде учурда  бир дагы украин калбагандыгын, Порошенко кимди чакыртып алам деп жаткандыгына түшүнбөстүк  арткан. Анын РИА Новостиге берген маалыматында, мурда КМШнын жооптуу кызматтарында  украиндер  басымдуулук  кылып келген.  

2014-жылдан бери чакыртылып  алынган дипломаттардын ордуна эч ким дайындалган эмес. Учурда  эл аралык эксперттер Порошенконун кадамын түрдүү көз караш менен сындап жатышат.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"