Жаңылыктар
Бишкекте ичеги карын оорусуна чалдыккандар көп катталууда
Ден соолук
Бишкекте ичеги карын оорусуна чалдыккандар көп катталууда

Күндүн ысышы менен инфекциялык ооруканаларга кайрылгандардын саны көбөйдү. Бир эле республикалык жугуштуу ооруларды дарылоо борборуна бир суткада 250дөй бейтап кайрылса, анын 100гө жакыны ичеги карын оорусуна чалдыккандар.

Дарыгерлер ооруну алдын алууда жашылча жемишти жана тамак аштын бардык түрүн колдонууда өздүк гигиенаны так сактоого чакырууда. 

Зияда Таштанбекова 10 айлык уулун карап оорукананын коридорунда жатканына 3 күн болду. Бир жашка чыга элек ымыркай төрөлгөндөн эле энесинин сүтүн эмбейт, атайын тамактарды жейт. Бир аз күн мурда жаңы бышкан алчаны жегенден кийин кусуп, алы кетип бейтапканага келүүгө аргасыз болушкан.

Зияда сыяктуу балдары менен республикалык жугуштуу ооруларды дарылоо ооруканасында жаткан бейтаптар көп. Ооруканадан билдиришкендей, күндүн жылышы менен мында кайрылгандардын саны кескин көбөйгөн.