Жаңылыктар
Жаңы конуштарда документи жок жашаган жарандардын көйгөйлөрү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы конуштарда документи жок жашаган жарандардын көйгөйлөрү

Жүздөгөн үй-бүлө борбор калаада жана жаңы конуштарда документи жок жашап келишет. Натыйжада, алар билим алуу, дарылануу жана башка мамлекеттик кызматтардан пайдалана алышпайт. Социалдык кызматкерлер маселенин түрдүү себептери бар экенин айтышат. 


Жаңыл Оңолбекова үй-бүлөсү менен бирге көп жыл мурда Бишкекке көчүп келип, Ак-Жар конушунда жашайт. Бирок борбор калаага жакын жашоо кубаныч алып келген жок. Башкы себеби - үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарында документ жок.

Конушта документсиз үй-бүлөлөр ондоп саналат. Катталган жери жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жоктугунан балдардын мектепке кабыл алынбай жатканын айтышты бул жердин тургундары. Бирок "тууган-урук көрсө уят", - деп камерага сүйлөп берүүдөн баш тартышты.

Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкерлери "Дордой" базарынын айланасындагы конушта жашагандарга консультациялык жардам көрсөтүп келет. Эки жылда 900дөн ашык адам документин калыбына келтирүү жана жаңыдан жасатуу өтүнүчү менен кайрылган. 200 киши туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен паспорт алды. Документ алуудан баш тарткандары да жок эмес.