Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара Бакуда өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара Бакуда өттү

“Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусу” Азербайжандын Баку шаарында болду. Бул иш-чара залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата уюштурулду.

Ал Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын катчылыгы жана Азербайжан Жазуучулар союзунун демилгеси менен өттү. 


ТҮРКПАнын катчылыгы жайгашкан имаратына коюлган Айтматовдун архивдик сүрөттөрү конференцияга келгендердин көңүлүн өзүнө бурду. Буга чейин коомчулук Айтматовдун жан дүйнөсүн чыгармалары аркылуу таанып билсе, бул сүрөттөр аркылуу анын кулк-мүнөзү сүрөттөлгөндөй сезим калтырды.

Чыңгыз Айтматов Азербайжанды өзгөчө жакшы көрчү. Бул өлкөдөгү ынак досу - Анар Рзаев. Азербайжандын жазуучулар союзунун төрагасы Айтматов менен жакшы катышчу. Рзаевдин айтымында, кыргыз жазуучусуна жолуккан сайын, анын ыйманы бешенесинен төгүлүп турчу.