Жаңылыктар
Ката менен жазылган көрнөк-жарнактарга айып пул салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Ката менен жазылган  көрнөк-жарнактарга айып пул салынат

Мындан ары көрнөк-жарнактар ката менен жазыла турган болсо айып пул салынат. Бул максатта атайын мыйзам долбоор иштелип чыгып, учурда Жогорку Кеңеште талкууда. 

Эгер бул мыйзам долбоору ишке кирсе, жарнактардын жазылышын жана мазмунун текшерген жергиликтүү бийликтерде атайын комиссия түзүлөт. 

Жарнама мыйзамын бузган жеке жактар 1000 сом, ал эми юридикалык жактар 5000 сомго чейин айып төлөйт.