Бажы кызматкерлери Кытайдан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан алкоголдук ичимдиктерди кармады.
Аталган кызматтан билдиришкендей, токтотулган унаанын ичинен табылган ичимдиктерге Кытай Эл Республикасынын акциздик маркасы чапталбагандыгы аныкталган.
Атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, жалпы эсеби 0,5 литр өлчөмүндөгү 24 бөтөлкө, 0,250 литр өлчөмүндөгү 200 бөтөлкө алынды. Бул иш боюнча материалдар тергөө үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кароосуна жиберилди.