Жаңылыктар
Жогорку Соттун судьялыгына талапкердин экөө гана парламентте колдоо тапты
Саясат
Жогорку Соттун судьялыгына талапкердин экөө гана парламентте колдоо тапты

Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова жетиштүү добуш топтоп, Жогорку Кеңеште ант беришти. Ал эми Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкулов депутаттардын колдоосуна ээ болгон жок.

Буга чейин Жогорку Соттогу алты судьялык бош орунга 46 адам арыз берген. Сотторду тандоо кеңеши тарабынан жактырылган алты талапкерди мамлекет башчысы да электен өткөрүп, алардын бешөөнү парламентке жөнөттү. Талапкерлерди Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Алар Кыдык Жунушбаев, Дамира Орозова, Ирина Воронцова, Нургүл Бакирова жана Айдарбек Алымкулов.

Соңунда депутаттар добуш берүүгө өттү. Анын жыйынтыгы менен буга чейин Чүй облустук сотунун судьясы болуп келген Кыдык Жунушбаев менен Ош облусунун судьялык кызматын аркалаган Нургүл Бакирова жетиштүү добуш топтоп, парламент трибунасында ант беришти. Калган үч талапкер Жогорку Кеңештин элегинен өткөн жок.