Жаңылыктар
Баланы өлүмдөн куткарып калган жарандар сыйланышты
Кырсык
Баланы өлүмдөн куткарып калган жарандар сыйланышты

Акыркы күндөрү тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепети аймактардагы турак жайларды, жолдорду, көпүрөлөрдү жана башка бир катар социалдык объектилерге зыянын тийгизип эле тим болбостон, адам өмүрүн алып тынды. Кочкор-Аталык ата-бала мал-жандан кабар алуу үчүн тоого бара жаткан жеринен селге туш болуп, Эврен Мансутов каза болгон. 

Ал эми сууга аккан 20 жаштагы уулун ошол жердеги малчылар куткарып калышкан. Өмүрүн тобокелге салган куткаруучулар менен Өзгөчө кырдаалдар министри жолугуп, ыраазычылыгын билдирди.