Жаңылыктар
Президент өлкөдөгү акыркы окуяларга баа берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент өлкөдөгү акыркы окуяларга баа берди

Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев элдик ыңкылаптын 11 жылдыгына арналып курула турган сейил бактын долбоору менен таанышып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Күтүлгөндөй эле алгач чек арадагы абал суралды. Өлкө башчы такталбаган аймакта абал туруктуу экенин айтып, Өзбекстандын соңку кадамын түбөлүк достук мамилеси түзүлгөн мамлекеттин кыла турган иши эмес деп баалады. 



Мамлекет башчынын айтымында, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр Тажикстан менен алгылыктуу жүрүүдө. Май айында демаркация, делимитация иштери бүткөн бир нече жерлер боюнча кезектеги документке кол коюлат. Эми коңшулар менен сүйлөшүүдө Кыргызстан эч качан басынбайт деди. 


Анда өлкө башчы чек ара маселеси, 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын тарыхы жана оппозициянын акыркы күндөгү кадамдары тууралуу айтып берди. Кененирээк  Самат Асиповдун материалында: