Жаңылыктар
Ош базарында өрттөн жабыркаган соодагерлер кайрадан жардам сурап чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Ош базарында өрттөн жабыркаган соодагерлер кайрадан жардам сурап чыгышты

Ош базарынын "Берекет" соода түйүнүнүн сатуучулары аларга эч кандай көмөк көрсөтүлбөй жатканына нааразы болуп маалымат жыйын уюштурду. Алардын айтуусуна караганда, мэрия тарабынан 10 миң сомдон акча берилген. Андан башка жардам иретинде эч кандай акча алышкан эмес. 

Буга чейин сатуучулар базар өрттөнгөндөн кийин администрацияга 3 талап коюшкан: базарды калыбына келтирүү, жабыркаган соодагерлерге компенсация төлөп берүү жана үстөксүз ссуда берүү. Базардын күйгөнүнө бир жарымай болгонуна карабай азыр базардын ичиндеги таштандыларды чыгарып бүтө элек. 

Соодагерлер базардын курулушу кийинки жылга чейин созулуп кетүүсүнө тынчсызданышууда.Мыйзам боюнча документи бар гана сатуучуларга мамлекет кандайдыр бир деңгээлде колдоо көрсөтө алары жазылган. 

Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"