Жаңылыктар
Кадамжайда алчанын түшүмүн жыйноо кызуу жүрүүдө
Аймак
Кадамжайда алчанын түшүмүн жыйноо кызуу жүрүүдө

Кадамжайда алчанын түшүмүн жыйноо кызуу жүрүүдө. Аймакта жашаган ар бир дыйкан бакчасында өстүргөн алчанын жаңы сортторун көбөйтүүнүн үстүндө. Учурда "жазгы алча" деп аталган түрү бышып, сатыкка чыга баштады. Дыйкандар бул мөмө жемиштен бир мезгилде 100 миң сомдон ашуун киреше табышат.


Алча Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагында көп өстүрүлөт. Мындан бир мезгилде бир үй-бүлө 100 миң сомдон ашуун киреше табат. Сайфидин Зуридинов да бакчасында алчанын үч түрүн өстүрөт. Учурда ал эң эле эрте бышуучу жазгы түрүн үй-бүлөсү менен жыйнап жаткан кези. 15 жылдык бактан бул жылы да 100миң сом пайда көрөөрүн айтат. 


Жемиштин мөмө бериши аба ырайына да байланыштуу болот, жакшы түшүм берүүсү үчүн күн өтө ысып, же сууп кетпеши керек экен. Ошол эле учурда дыйкан алча гүлүн ачканга чейин да кийин да жер семирткичтерди туура пайдаланып, дарылап турушу зарыл. 


Жемишти дыйкандан сатып алып, кайра сатып иштегендер да арбын. Алар да жылына 300-400 миң сомдон киреше таба алышат. Айтымдарында, быйыл алчанын баасы эски жылга салыштырмалуу 20-30 сомго арзан болууда.