Жаңылыктар
Президенттик балаты
Маданият
Президенттик балаты

Республиканын бардык аймактарынан келген мектеп окуучуларынын катышуусундагы президенттик балаты болуп өттү. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан уюшулган бул салтанатка 8ден 14 жашка чейинки миңден ашык бала чакырылган.

Булардын ичинде мектепти жалан 5ке окуган мыктылар, ата-энеси жок жана ден-соолугу жагынан мумкүнчулугу чектелген балдар, жергиликтүу турнирлердин жана олимпиадалык сынактардын жеңүүчүлөрү болушту.
Жаңы жылдык балаты салтанатына президент Алмазбек Атамбаев баштан аяк катышып отуруп, соңунда кичинекей меймандарга тарбиялык маанидеги кеп-кеңештерин айтты. Кененирээк Тариэл Чунгуловдун материалында: