Жаңылыктар
Кечээги жааган кардан, катуу шамалдан эл көп чыгымга кептелди
Өзгөчө кырдаал
Кечээги жааган кардан, катуу шамалдан эл көп чыгымга кептелди

24-майга караган түндөгү аба ырайы өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жаратты. Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаап, жүздөн ашык малдын өлүмүнө себеп болсо, Талас, Ош облусунда катуу шамал бир катар материалдык чыгымдарды алып келди.


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда 15 сантиметрден 1 метрге чейин кар жаады. Аба ырайынын мындай өзгөрүшү мал жандыгы үчүн кыйынчылык жаратты. Анткени кургак тоюттар түгөнгөн. Калың кар көк чөптү басып калгандыктан, малды жаюу мүмкүн эмес.

Май айында жааган кар Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургундарына дагы олуттуу зыян алып келди. Ак-Сай өрөөнүндө жааган кардан 200 кой кырылды. Ошондой эле калың кардын кесепетинен Ысык-Көл районунун Эки-Чат кыштоосунда 112 кой жана 1 уй өлдү. Куткаруучулар жерине барып, кардын астында калган малды чыгарып, сарайларды кардан тазалашкан.

Ал эми катуу шамал Талас облусунда бир катар чыгымдарды алып келди. Бул жерде 23-майда күндүзгү саат бештер чамасында райондо ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал болуп, анын кесепетинен Кара-Суу айылындагы үйлөрдүн, Долоно айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана айыл өкмөттүн имаратынын чатырлары жабыркап, жалпысынан 287 даана шыйпыр талкаланган.