Жаңылыктар
Бишкектеги “Кербен” базарында өрт коопсуздугу текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги “Кербен” базарында өрт коопсуздугу текшерилди

Акыркы учурларда өлкөнүн базарларында өрт кырсыктары байма-бай катталууда. Жыл башынан бери эле Ош базары 3 жолу өрттөнсө, Жалал-Абадда да тилсиз жоо катталып, май айынын башында Орто-Сай базарындагы Каухар кичи рыногунун жогорку кабатынан да өрт чыккан. Айттырбай келген кырсыктын себеби эмнеде жана ордо калаадагы базарлардын өрткө каршы камсыздалышы канчалык деңгээлде?


Бул жолку өрт коопсуздугун алдын алууга карата өткөрүлгөн текшерүү Дордой базарына жанаша жайгашкан “Кербен” базарында болду. Экотехинспекция өкүлдөрү текшерүү башталаар менен эле эскертүүлөрдү берип баштады. Мисалы контейнерлер жайгашкан катарларда унаа токтотулбашы керек. Кокусунан өрт чыгып кетсе, өрт өчүрүүчү унаалардын киришине тоскоолдук жаралат.

8 гектарды ээлеген Кербен базарында жалпысынан 1 жарым миң контейнер коюлган. Бирок ушу тапта алардын жарымы гана иштейт. Анткен менен ачык турган соода түйүндөрдүн ар бири чакан өрт өчүргүчтөр менен камсыз болгон. Анан да сатуучулар аларды кантип колдонууну жакшы билишет.

Сыртынан караган адамга газ түтүктөрүнө окшоп кеткен, бул темир түтүкчөлөрдүн баары өрт коопсуздугун алдын алууга карата орнотулган. Базардын борбордук бөлүктөрүндө туруучу өрткө каршы жабдыктардын баары ордунда. Ал эми базарга тиешелүү делген аймактагы тамактануучу жайда абал анча эмес. Өткөн жолку текшерүү учурунда эле эскертүү берилген кафеде дагы деле газ баллону алынган эмес.