Жаңылыктар
Президент бир катар элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды
Саясат
Президент бир катар элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда дипломатиялык ишмердигин баштаган бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. 


Алар Канада, Мексика, Эстония, Финляндия жана Кувейт мамлекеттеринин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери. Өлкө башчысы ар бир Элчи менен пикир алмашып, дипломатиялык, саясий жана маданий-гуманитардык диалогду мындан ары тереңдетүү, соода-сатык, экономика, билим берүү жана туризм тармактарында эки тараптуу кызматташтык маселелери ортого салынды.

Элчилердин ар бирин ардак кароол ак үйдүн алдында салам айтып тосуп алышты. Бул жөрөлгө дипломатиялык ишмердигин баштап жаткан жаңы элчилерге сый урматтын белгиси десе да болот. Өлкө башчысына ишеним грамотасын тапшыргандардын бири Мексиканын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Альфонсо Зегме.

Сооронбай Жээнбеков элчини дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, баарлашууда эки мамлекеттин алакасы мындан ары тереңдейт деген ишенимин билдирди.


Өлкө башчысы элчилердин ар бири менен пикир алмашып, анда дипломатиялык, саясий жана маданий-гуманитардык диалогду мындан ары тереңдетүү, соода-сатык, экономика, билим берүү жана туризм тармактарында эки тараптуу кызматташтык маселелери ортого салынды.