Жаңылыктар
Премьер-министр «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолун тездетүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер-министр «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолун тездетүүнү тапшырды

Өлкөнүн башка дубандары менен катар Чүй облусунда стратегиялык жолдор салынып жатат. Анын бири «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолу. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бул жолду салуу жумуштарын тездетүү тапшырмасын койду. Ошол эле учурда премьер-министр бир катар социалдык, ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты. 


Жакын арада Премьер-министрдин тапшырмасы менен Чүй облусунун Москва районундагы “Спартак” суу сактагычы реконструкцияланмай болууда, ал эми Жайыл районунун Ак-Башат айылындагы №03 суу сактагычы тазаланат. Эки объектинин абалы менен өкмөт башчы таанышты. Суу сактагычтар толук кандуу иштей баштаса Москва районундагы өздөштүрүлгөн жердин аянты 2500 гектарга көбөйөт, Ак-Башат айылынын миң гектардан ашык жерине сугат суу үзгүлтүксүз берилет. 



Ошону менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолундагы жол курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана курулушту тездетүүнү тапшырды. Бул унаа жолу республикадагы унаа кыймылы эң көп жолдордун бири. Унаа жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев каржылоо боюнча маселе жок экенин маалымдады. Курулуш иштери жүрүп жаткан тилкенин жалпы узундугу 45 чакырымдан ашыгыраак.