Жаңылыктар
Бүгүн өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлүүдө

Бүгүн өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлүүдө. Билим берүү жана илим министрилигинин буйругу менен директорлорго мектепте жана башка көңүл ачуучу жайларда иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынган. 

Ошондой эле, мугалимдерге окуучулардан белек алууга да уруксат берилген жок. 

Мектептердеги салтанаттуу иш-чараларда салют же башка атылуучу каражаттарды колдонбоо талабы коюлган. Быйыл жалпы республика боюнча 60 миңге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат.