Жаңылыктар
Бүгүн милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Акыркы коңгуроо майрамдык иш-чаралары убагында милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. 25-майда коомдук коопсуздукту камсыздоого республика боюнча 4 миңден ашык ички иштер органдарынын кызматкери тартылат. 

Салтанаттуу аземди көзөмөлдөө жана коомдук жайларга бүтүрүүчүлөрдүн массалык кирүүсүн текшерип, мониторинг жүргүзүү үчүн штабдар түзүлөт. 

Акыркы коңгуроого арналган иш-чараларды өткөрүүдө балдардын жүргөн жерин сейил бактарында, эс алуу жайларында жана өзгөчө кечки убакта алардын унаа башкаруусуна жол бербөө жана көзөмөлгө алуу үчүн тартип сакчылары өздөрүнө бөлүнгөн аймактардагы коопсуздукту жеке жоопкерчилигине алышат.