Жаңылыктар
УКМК Кубанычбек Кулматовдун мүлкүн камакка алды
Коррупция
УКМК  Кубанычбек Кулматовдун  мүлкүн камакка алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы экс-мэр Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында анын мүлкүн камакка алды. УКМКнын тергөө башкармалыгы буга чейин башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси боюнча айып койгон.

Экс-мэр 2014-жылы кытайлык TBEA компаниясы тарабынан Жылуулук электр борборун жаңыртуу долбоорунун алкагында аймактарда эки жаңы мектептин курулушу үчүн бөлүнгөн 2 миллион доллар грантттык каражатты Калыс-Ордо конушуна мектеп куруу зарыл деген шылтоо менен өкмөттүн карамагынан мэрияга которуп алган. 

УКМКнын маалыматы боюнча Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 миллион долларды которгонго жетишкен. 

Калыс-Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом бөлүнгөн. Учурда жеке компаниянынын жетекчилеринин бири кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле, Кулматовдун, мэриядагы жооптуу кызматкерлердин жана жашыруун компаниялардын жетекчилеринин жашаган жерлеринде тинтүү иштери жүргүзулдү. Тергөө уланууда.