Жаңылыктар
Калың жааган кардын кесепетинен Ысык-Көлдө кырылган койдун саны миңден ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Калың жааган кардын кесепетинен Ысык-Көлдө кырылган койдун саны миңден ашты

23-24-май күндөрү калың жааган кардын кесепетинен улам Ысык-Көл районунда кырылган койдун саны миңден ашты. Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматы боюнча, Тору-Айгыр айыл өкмөтүндө 38 баш уй, тогуз жылкы, 370 баш кой кардын астында калган. Тамчы айыл өкмөтүндө 400 кой, төрт уй, беш жылкы өлгөн. 

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө болсо 244 баш кой, эки баш жылкы, үч баш кулун кардын астында калган. Жалпысынан 1014 баш кой, 42 баш уй, 19 баш жылкы өлгөн. 

Тилекке каршы, кырылган малдын саны мындан да өсүшү мүмкүн. Анткени бул сандар жогорудагы үч айыл өкмөттүн гана баштапкы маалыматы. Калган аймактарда да тактоо иштери улантылат. Малчыларга учурда жергиликтүү бийлик менен өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук башкармалыгы ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. 

Тамчы айыл өкмөтүнөн үч үй-бүлө малы менен мобилизация болгон. Калган чабандарга тамак-аш жана тоют жеткирилип, жолдорун тазалоо аракеттери жүрүп жатат.