Жаңылыктар
Президент С.Жээнбеков бүтүрүүчүлөрдүн "Акыркы коңгуроо" салтанатына катышты
Билим
Президент С.Жээнбеков бүтүрүүчүлөрдүн "Акыркы коңгуроо" салтанатына катышты

Борбор калаадагы Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиясы да өз бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду. Мектептеги “Акыркы коңгуроо” салтанатына Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, окуучуларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Өлкө башчысы Улуттук гимназиянын 90 жылдык тарыхы бар экенин, бул аралыкта нечендеген белгилүү инсандарды тарбиялап чыгарганын баса белгиледи. 

Анын ичинен атактуу актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Салижан Жигитов өңдүү чыгаандарды атады. Президент бүтүрүүчүлөргө мындан аркы ишине ак жол каалап, бардык ой максаттарын ийгилик коштоп, ата-эне, мугалимдердин ишенимин актаган эл уулдарынан болууга чакырды. 

Быйыл жалпы өлкө аймагында 11-классты 59 700 бүтүрүүчү, ал эми 93 400 окуучу 9-классты аяктоодо. Өлкө башчысы салтанаттуу аземде окуу мектептин жаңы курулуп жаткан имаратына жардам катары 300 миң сомдун сертификатын тапшырды. Ага катар окуучуларга арналып атайын баалуу белектер тапшырылды.