Жаңылыктар
Күндүн темасы: Айыл өкмөттөрүн түз шайлоо керекпи?
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Айыл өкмөттөрүн түз шайлоо керекпи?

Кыргызстанда мэрди, айыл өкмөт башчысын түз шайлоо демилгеси көтөрүлүп жатат. Ушундай жобо камтылган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууланууда. Азыркы мыйзамга ылайык, мэр менен айыл өкмөт башчыны жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт. Бирок мындай шайлоого копчүлүк учурда сын пикирлер айтылып келет.

  

Бул тууралуу өткөн “Күндүн темасы” программасына КР ЖКнин депутаты, парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана жогорку кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Бокоев Кенжебек Сатымкулович, БШКнын төрагасынын орун басары Бегматов Абдыжапар Гапырович катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"