Жаңылыктар
Момунжан Алиев Москвада медициналык борборду жетектейт
Ден соолук
Момунжан Алиев Москвада медициналык борборду жетектейт

Учурда миллиондогон мекендештерибиз чет жерде жүрөт. Арасында талыкпас эмгек менен ийгиликке жетишкендер да бар. Алардын бири Момунжан Алиев, кесиби боюнча тиш догдур. Ал Москва шаарында медициналык борбор ачып, Кыргызстандан барган дарыгерлерди да иш менен камсыз кылат.

Орусиядагы мекендештерибиз ар кыл кесипте эмгектенип келет. Алардын катарында дарыгерлик кесипти аркалагандар да бар. Кыргызстандан барган тажрыйбалуу адис Момунжан Алиев 3 жыл мурда медициналык борбор ачкан. Учурда кенен бейтапканада таза, ыңгайлуу шартта бейтаптарды кабыл алып, кызмат көрсөтүп келет.

Анын медициналык борборуна эмгек мигранттары жана жергиликтүү калк да көп кайрылат. Анткени бул борбор сапаттуу дарылоо менен, кадыр баркка ээ болгон. Аны ар улуттун өкүлдөрүнөн турган кардарлар тастыкташат.

Тиш салууда эң жөнөкөйнөн баштап, ар кандай татаалдыктагы акыркы ыкмалар пайдаланылат. Кыргызстандан окууну бүтүрүп, эми чет жерде иштеп жаткан Кадыржан азыр мурдагыдай тиштерди бир-бирине кынап койгон, кийме тиштер артта калгандыгын айтат. Мисалы стоматология тармагына жаңыдан кирген Имплантация, же жаак сөөктөргө казык орнотуу ыкмасы колдонулуп келет.

Учурда кыргыз медборборунда баары өз нугуна түшүп кардарлардын ишеничине кирип калды. Муну коридор ылдый узун кезек күткөн кардарлардын санынан байкоого болот. Анын үстүнө бул жайда бир катар тармактар боюнча кызмат көрсөтүлүп келет.

Москвада кыргыздар ачкан бир топ медициналык борборлор бар. Мындан улам ал жактагы мекендештерди тейлөө деңгээли да жогорулап калды. Бирок бул Москвадагы гана абал. Орусиянын башка аймактарында да ушундай борборлор ачылса мекендештерибиз бир топ көйгөйдөн арылмак.