Жаңылыктар
“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайындагы паспорттук көзөмөлдөө бөлүмү эки эсеге көбөйөт
Чек ара
“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайындагы паспорттук көзөмөлдөө бөлүмү эки эсеге көбөйөт

“Достук-автожол” эл аралык көзөмөл-өткөрүү жайындагы паспорттук көзөмөлдөө бөлүмү эки эсеге көбөйөт. 

Бул үчүн, мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, учурда курулуш иши жүрүүдө. Максаты - аталган жай аркылуу чек араны кесип өтүүчүлөргө жагымдуу шарт түзүү.

Көзөмөл-өткөрүү жайында, жыл башынан бери кошумча 8 паспорттук бөлүм ишке кирген.Заманбап жабдуулардын натыйжасында, тейлөө мөөнөтүэки эсеге чейин кыскарган. Мындан сырткары, кезекке тургандарды жүгү бары, жогуна карап эки тилке аркылуу өткөрүү тартиби киргизилген. Бирок, муну менен эле , чек араны кесип өтүүчүлөргө толук шарттар түзүлдү дегенге болбойт.

Июнь айынан тартып, аталган жайда кошумча 16 паспорттук көзөмөлдөө бөлүмү ишке киргени турат. Курулуш-мантаждоо иштери аяктаган соң, заманбап жабдуулар алынып келинет.